Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Исфара шаарында чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Ворух анклавына да барат.
Эки өлкөнүн жетекчилери аталган анклавда сүйлөшүп, андан сырткары, чектеш аймакта жашаган кыргыз-тажик эли менен жолугушат.
Буга чейин президент Жээнбеков Баткен облусундагы чек ара маселеси боюнча кеңешме өткөргѳн. Анда эки элдин ортосунда чыгып кеткен чыр-чатакка күч түзүмдѳрүн айыптаган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку масштабдуу чыр 13-мартта Ак-Сай айылы менен коңшу өлкөнүн Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан. 22-июлда дагы Ворух айылынын тургундары менен Ак-Сай айлынын ортосунда келишпестиктер болгон.
Эки өлкө жарандарынын ортосунда чек ара чыры маал-маалы менен чыгып турат.