Суббота, 12 апреля

Газада Израилдин кыргынынан 50 миңден ашык киши курман болду

0

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза болгондордун саны 50 695ке жетти.

Палестинанын Газа тилкесиндеги Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы 24 саатта кол салуулардын натыйжасында 26 каза болгон палестиналыктын сөөгү аймактагы ооруканалардагы өлүкканаларга жеткирилип, дагы 113 киши жараланды.

Израил армиясы 19-январда күчүнө кирген ок атышпоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин 18-март күнү эртең менен блокададагы Газа тилкесине кайрадан интенсивдүү чабуулдарды баштаган. Израил ок атышпоо келишимин бузган 19-январдан бери Израилдин кол салууларында 1335 палестиналык каза болуп, 3297 киши жараланды.

Израилдин кол салууларында 2023-жылдын 7-октябрынан бери жараланган палестиналыктардын саны 115 миң 338ге жетти. Миңдеген набыт болгон палестиналыктардын денелери талкаланган имараттардын урандылары астында калууда.

Белгилей кетсек, Израил Газага чабуулдарын премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун талаштуу саясий чечимдеринин, анын ичинде өлкөнүн ички коопсуздук жана чалгындоо кызматы Шин Беттин башчысын кызматтан алуусунун фонунда баштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз