4-апрелде Нью-Йорк шаарында БУУнун Коопсуздук кеңешинен кийинки экинчи негизги органы болгон Экономикалык жана социалдык кеңешинин (ЭКОСОС) көмөкчү органдарына шайлоо өттү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, шайлоонун жыйынтыгында Кыргызстандын талапкерлиги бир катар маанилүү органдарга ийгиликтүү шайланды:
- Баңгизат каражаттары боюнча комиссиясы (КНС) – 2026-2029-жылдарга;
- БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) боюнча аткаруучу кеңеши – 2026–2028-жылдарга;
- Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча эл аралык стандарттар боюнча өкмөттөр аралык эксперттик жумушчу тобу (ISAR) – 2025–2027-жылдарга.
Бул шайлоонун жыйынтыктары Кыргызстандын эл аралык аренадагы позицияларын бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат. Кыргызстандын шайланышы өлкөнүн туруктуу өнүгүү жаатындагы глобалдык аракеттерге кошкон салымын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылганын тастыктайт.
Баңгизат каражаттары боюнча комиссиянын (КНС) курамына кирүү Кыргызстанга баңгизаттарга каршы күрөшүү, анын ичинде мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттер жана бул багытта регионалдык кызматташууну чыңдоо боюнча эл аралык саясатты калыптандырууга активдүү катышууга мүмкүндүк берет.
ЮНИСЕФтин Аткаруучу кеңешиндеги мүчөлүк фонддун стратегиялык артыкчылыктары менен программаларына таасир этүүгө жол ачат. Бул программалар балдардын укуктарын жана жыргалчылыгын коргоого, билим берүүгө, саламаттык сактоого жана социалдык коргоого жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган, бул болсо Кыргызстандын балдарды өнүктүрүү боюнча улуттук максаттарын ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ.
ISAR жумушчу тобунун мүчөсү болуу бухгалтердик эсеп, отчеттуулук жана корпоративдик ачык-айкындык жаатында мыкты тажрыйба алмашууга, ошондой эле Кыргызстандын потенциалын эл аралык стандарттарга ылайык чыңдоого шарт түзөт. Бул өз кезегинде инвестиция тартууга жана мамлекеттик жана жеке сектордо башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болот.
Шайлоонун ийгиликтүү жыйынтыгы дүйнөлүк коомчулуктун Кыргызстанга болгон жогорку ишенимин жана өлкөнүн тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүдө эл аралык уюмдар менен активдүү кызматташууга даярдыгын дагы бир жолу тастыктайт.