Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Түркия кожоюндук кылган Анталия дипломатия форумунун алкагында жолугушту.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги ишемби күнкү билдирүүсүндө:«Тараптар Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтыкты жана мамлекеттер аралык мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашуунун тексти аяктагандан кийинки нормалдаштыруу процессинин учурдагы абалын талкуулашты»,-деп айтылды.
Билдирүүдө министрлер «диалогду улантууга чечкиндүү экендиктерин билдиришкени» белгиленди.
Анталия дипломатия форумунда катышкан панелде сөз сүйлөгөн Байрамов Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тарыхый нормалдашуу процессинин 2020-жылдагы Карабах согушунан кийин башталганын эске салды.
Өткөн айда эки өлкө тынчтык келишиминин тексти боюнча макулдашууга жетишкен.
«Кийинки этапта бул келишим ишке ашат. Ага кол коюлганда процесс аягына чыгат. Биз иштебеген процессти иштегидей абалга алып келдик. Армениянын Конституциясына да керектүү өзгөртүүлөр киргизилет. Ошентип, аймактык дооматтар жөнгө салынат»,-деп айткан Байрамов Түркиянын аймактагы ролун мактап жана негизги максаттын транспорттук линияларды кайра түзүү экенин баса белгиледи.
Байрамовдун билдирүүлөрүн колдогон Мирзоян тынчтык келишими аймакка гүлдөп-өнүгүүнү алып келерин айтып, болуп жаткан тоскоолдуктардын жоюлаарынын убадасын берди.