Израилдин блокададагы Газа тилкесине жасаган кол салууларынан каза болгондордун саны 50 944кө жетти. Бул тууралуу Палестинанын Газа тилкесиндеги Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Акыркы 24 саатта аймактагы ооруканаларга 111 жарадар жана 11 каза болгон адамдын сөөгү жеткирилди. Палестина эксклавында 2023-жылдын 7-октябрынан бери жарадар болгондордун жалпы саны 116 миң 156га жетти. Миңдеген курмандыктардын денелери талкаланган имараттардын урандыларынын астында калууда.
Израил армиясы 19-январда күчүнө кирген ок атышпоо келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин 18-март күнү эртең менен блокададагы Газа тилкесине кайрадан интенсивдүү чабуулдарды баштады.Ошондон бери кол салууларда 1574 киши набыт болуп, 4115 киши жараланды.
Белгилей кетсек, Израил Газага чабуулдарын премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун талаштуу саясий чечимдеринин, анын ичинде өлкөнүн ички коопсуздук жана чалгындоо кызматынын Шин Беттин башчысын кызматтан алуусунун фонунда баштаган.