Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда мындан ары президенттик шайлоону иштеп жаткан президенттин ал шайланган мөөнөттөгү ыйгарым укуктары аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүү сунушун берди. Шайлоону ага төрт ай калганда Жогорку Кеңеш дайындайт. Тиешелүү мыйзам долбоору парламентке түштү.
“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” азыр иштеп жаткан конституциялык мыйзам боюнча президенттик шайлоо октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде болот.
2021-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда президент беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт. Садыр Жапаров 2021-жылы 10-январдагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыгып, 28-январда расмий ишке кирген.