Воскресенье, 7 декабря

Москвада кыргызстандык 9 жаштагы бала өлтүрүлдү

0

Орусиянын Москва районундагы Некрасовский айылында болгон окуяда кыргызстандык 9 жаштагы бала каза болду. Бул кылмышка 14 жаштагы жергиликтүү тургун шектелүүдө.

“Москва онлайн” басылмасы окуянын айрым деталдарын жазып чыкты. Ага ылайык, кылмыш Дмитров шаардык округуна караштуу Некрасовский айылындагы жатаканалардын кире беришине жакын жерде болгон. 9-апрель күнү түштөн кийин балдар мушташып, 14 жаштагы өспүрүм кыргызстандыкка бычак менен кол салган. Бала алган жаракатынан улам тез жардам унаасында каза болгон. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, темир жол бекетинде кармалган шектүү өзүн коргоо үчүн бутуна бычак сайган. Ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Өспүрүмгө Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен айып тагылган. Ал кылмышты мойнуна алган.

Орусиялык басылмалардын маалыматына караганда, шектүү эмгек мигранттарына кол салууларды жарыялаган неонацисттик Telegram каналдарынын мүчөсү болгон. Катышуучулардын көбү өспүрүмдөр.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз