Воскресенье, 7 декабря

Англияда мусулмандардын мүрзөсүн талкалап кетишти

0

Хертфордшир полициясы Англиянын Уотфорд шаарындагы көрүстөндө көпчүлүгү мусулман жаш балдарга таандык 85 мүрзө ташынын бузулушуна байланыштуу иликтөө иштерин баштады.

Мур Парк жана Истбери округунун мэринин кеңешчиси Аббас Мерали өзүнүн Instagram баракчасында Карпендерс Парк Лаун көрүстөнүндөгү мусулман мүрзөлөрү жана мусулман балдарына таандык көрүстөн белгилер талкаланганын билдирди.

Хертфордшир полициясы билдирүү жасап, окуя боюнча иликтөө иштери башталганын билдирди. Жабыркаган мүрзөлөрдүн көбү балдарга таандык экени белгиленет.

Полиция бул аймакта кошумча күзөт иштерин жүргүзүп, күбөлөрдү жана маалыматы бар адамдарды полицияга келүүнү суранууда.

«Биз жергиликтүү жамааттын лидерлери менен тыгыз иштешип жатабыз жана жабыркаган үй-бүлө мүчөлөрү менен байланыш түзүүгө умтулабыз» деди Хертфордшир полициясынын инспектору Уилл Роджерс-Овери.

Аймактагы мусулмандардын сөөк коюу кызматы Брент муниципалитетине келечекте ушундай окуялардын алдын алуу үчүн кылдат иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Бул жөн эле вандализм эмес, исламофобиялык кылмыш катары катталышы керек.
Брент шаарынын мэри Мухаммад Батт билдирүүсүндө бул окуяны «исламофобиялык жек көрүү чабуулу» деп атады: “Биз талкаланган мүрзөлөрдү калыбына келтирип, көрүстөндү оңдоп беребиз” — деди.

Өлкөдөгү мусулмандарга каршы (исламофобиялык) кол салууларга жана дискриминацияга коомчулуктун сезимталдыкты арттырууга аракет кылган «Ан-Ниса» деп аталган топ окуянын жөн эле вандализм катары каралбашы керектигин, исламофобиялык кылмыш катары катталышы керектигин баса белгиледи.

Британиянын Мусулмандар Кеңешинин (MCB) мурдагы башкы катчысы Зара Мохаммед окуяны «тынчсыздандыруучу» жана «исламофобиялык» деп атап, күнөөлүүлөр тез арада табылып, жоопко тартыларына үмүт артты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз