АКШнын түштүк-чыгышындагы Флорида штатында университетте куралдуу кол салуу болуп, эки адам каза тапты, алты киши жараат алды. Полиция кол салган адам жергиликтүү укук коргоо кызматкеринин уулу экенин билдирди.
Флорида штатынын университетинин полиция башчысы Жейсон Трамбоуэр: «Эки жабырлануучу каза болду жана беш адам октон жараат алып, жергиликтүү ооруканаларга жеткирилди», — деп айтып ок чыгарган адам дагы ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Флорида штатынын университети Таллахасси шаарынын борборунда жайгашкан жана 40,000ден ашык студент окуйт.
