Воскресенье, 9 ноября

АКШнын соккусунан Йеменде 38 киши набыт болду

0

АКШнын аба күчтөрү Йемендин батышындагы Ходейда провинциясындагы Ас-Салиф аймагындагы Рас-Иса портуна эки жолу абадан сокку урду. Бул тууралуу хусилерге таандык Al-Mesira телеканалы билдирди.

Хусийлердин айтымында, кол салуулардан медицина кызматкерлери да болгон 38 киши каза болуп, 102 киши жарадар болгон.

Жарандык коргонуу кызматтары портто чыккан өрттү өчүрүүнү, ошондой эле жабыркагандарды эвакуациялоо боюнча куткаруу иштерин улантууда.

Хусийлер 7-мартта Израилге Газага гуманитардык жардам жеткириши үчүн төрт күн убакыт берип жатканын айтып, эгер жардам бербесе Тель-Авивге каршы деңиз операцияларын кайра баштайбыз деп коркуткандан кийин аймактагы чыңалуу күчөдү.

15-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social платформасы аркылуу армияга хуситтерге каршы “кең масштабдуу чабуулду” баштоого буйрук бергенин жарыялады.

Хусилердин лидери Абдулмалик аль-Хуси өз кезегинде америкалык учактар ​​менен согуштук кемелердин бутага алынаарын убада кылып, соккулар улана берсе, хусилердин деңиз блокадасы АКШга чейин жайылаарын эскертти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз