Воскресенье, 7 декабря

Санкт-Петербургда 7-Этноспорт форуму өттү

0

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында “Салттуу спорттун кайра жаралуусу” урааны астында 7-Этноспорт форуму өттү. Форумга дүйнөнүн 75 өлкөсүнөн катышуучулар келди.

Форумдун ачылышында Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын (WEC) төрагасы Нежмеддин Билал Эрдоган сөз сүйлөдү. Иш-чаранын расмий глобалдык байланыш өнөктөшү Анадолу агенттиги болду.

Ачылыш аземинен кийин форум расмий түрдө ар кайсы өлкөлөрдөн жогорку деңгээлдеги өкүлдөрдүн катышуусунда министрлер деңгээлиндеги панелдик сессиялар уюштурулду.

Иш-чара эки күнгө созулуп, салттуу спорттун келечегине арналган тематикалык сессияларды, эксперттик талкууларды жана стратегиялык жолугушууларды камтыды.

Форумда этноспортту өнүктүрүүнүн кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү стратегиялары, ошондой эле бул жааттагы туруктуулук жана институционалдык өсүү маселелери талкууланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз