Суббота, 6 июня

Бишкекте Ачык Дельфи — 2025 оюндары башталды

0

Бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Ачык Дельфи — 2025 оюндарынын салтанаттуу ачылышы болду.

Мэриядан маалымдашкандай, Кыргызстандын булуң-бурчунан чогулган жаш таланттар эми өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп, чыгармачылыгын тартуулашат. Дельфы оюндары 7 жаштан 25 жашка чейинки балдарды жана жаштарды бириктирет.

Ачылыш аземге мэр Айбек Жунушалиев катышты. Ал өз сөзүндө келечектин маданиятын калыптандырган, муундарды жана элдерди бириктирген искусство экенин, Дельфи оюндары сыяктуу иш-чаралар борбор калааны маданий тартуунун борбору катары өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналарын баса белгиледи.

«Силер өлкөнүн келечегисиңер, эртең маданиятты даңазалап, руханий байлыкты арттырып, каада-салтты сактап, жаңы, заманбап идеяларды тайманбай киргизе тургандарсыңар», — деп айтты калаа башчысы.

Оюндардын уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясы, мэриянын маданият башкармалыгы жана Кыргызстандын Дельфи комитети.

Оюндар 30-апрелге чейин уланат жана музыкадан тарта санариптик чыгармачылыкка чейин ар түрдүү номинацияларды камтыйт. Бул жөн гана сынак эмес, чыгармачылык диалогдун, өзүн көрсөтүүнүн жана маданий алмашуунун чыныгы аянтчасы экенин мэриядан белгилешти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз