Понедельник, 25 ноября

Кыргызстанда 27 телерадиокомпаниялар берүүлѳрү мыйзамга ылайык эмес

0

«Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө»мыйзамдагы нормаларды аткарбагандыгы тууралуу 27 телерадиокомпания эскертүү алышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы маалымдады.

Министрлик телерадио берүүлѳр боюнча мониторинг жүргүзгѳн. Жалпысынан 97 миң 520 минут же 1625 эфирдик убакыттагы берүүлѳр камтылган.

Жыйынтыгында жалпы берүүлѳрдүн 37 пайызы мамлекеттик тилде берилет. Прайм-тайм — 21 пайызды түзѳт.

Ошол эле учурда ата мекендик өндүрүштѳгү берүүлѳр көлөмү 38 пайызга жетип, 22пайыздуу парайм-тайм. 

Мыйзамда телекомпаниялардагы эфирдик берүүлѳрдүн 50 пайызы ѳзүлѳрү даядаган программалар болуп, ушундай эле ѳлчѳмдѳ мамлекеттик тилде болуусу абзел.

Эскертүүнү аткарбаган ММКаларга мыйзам чегинде чара колдонулары белгиленген.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз