Израил 2023-жылдын 7-октябрында Газа тилкесине массалык чабуулдар башталгандан бери камакка алынган 49 палестиналык журналистти түрмөдө кармоону улантууда. Бул тууралуу Палестинанын туткундары коому билдирди.
Уюмдун билдирүүсүндө, израилдик күчтөр журналист Али ал-Самудини Жениндеги үйүн тинтүү учурунда камакка алышкан. Анын камакка алынышы менен «Газа геноциди» башталгандан бери Израил түрмөлөрүндө жаткан журналисттердин саны 49га жетти.
Коомдун маалыматына караганда, 7-октябрдан бери 177 журналист Израил бийлиги тарабынан кармалып, алардын дээрлик үчтөн бири дагы эле камакта.
Израилдин «камоолор аркылуу палестиналык журналисттерди системалуу түрдө куугунтуктап жатканы» белгиленип, Газада басма сөз өкүлдөрү бутага алынууда. «Бул мезгил журналисттер үчүн эң кандуу мезгилдердин бири болуп калды» деп баса белгиленет билдирүүдө.
Израилдин кол салуулары 7-октябрда башталгандан бери басып алынган Чыгыш Иерусалим менен Батыш Шериада палестиналыктарды камоо, рейддер жана зордук-зомбулук күчөдү. Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда, бул убакыт аралыгында 957 палестиналык набыт болгон, алардын 171и балдар. 7000ден ашуун адам жарадар болуп, 16400ү камакка алынган.
19-январда Газада ок атышпоо келишиминен кийин 21-январда Израил Женин шаарында жана ушундай эле аталыштагы качкындар лагеринде «Темир дубал» аттуу аскердик операциясын баштаган.
Израилдик армия Жениндеги жана Тулкармдагы качкындар лагерлерин басып алууну улантып жатат.
