Суббота, 18 апреля

Индия Пакистанга кол салууга даярданууда

0

Индия Пакистанга кол салууга даярданууда. Бул тууралуу Пакистандын маалымат министри атайын кызматтардын маалыматтарына таянып билдирди. Ал чечкиндүү жооп кайтарарын убада кылды. Өз кезегинде Индия экинчи тарап ок атышпоо келишимин кайрадан бузганын билдирүүдө.

Чек арада катуу кармаш жүрүп жатканы да кабарланууда. Жарылуу жана пулемёттун үнү угулуп турат. Пакистандык аскерлер Индия армиясынын Ченаб дарыясындагы заставасын бутага алып жатканы айтылууда. Индия менен Пакистандын мамилеси өткөн аптада Индиянын курорттук аймагындагы террордук чабуулдан кийин кескин начарлап кеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз