Суббота, 18 апреля

Бишкекте үч күн бою азык-түлүк жарманкеси өтөт

0

1-2-3-майда Бишкек шаарында социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясынын жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси өтөт.

Жарманкени Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги уюштурууда.

Жарманке саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат. Иш-чаранын максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз