Рубио шаршемби күнү Индиянын тышкы иштер министри Субрахманям Жайшанкар жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, Индияны экстремизмге каршы күрөштө колдоорун билдирди жана Пакистанды 20дан ашуун адамдын өмүрүн алган кол салууну иликтөөдө кызматташууга үндөдү, деп айтылат сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШнын Мамлекеттик департаментинин өзүнчө билдирүүсүндө.
Рубио Индиянын башкы дипломаты Жайшанкар менен телефон сүйлөшүүсүндө тилектештигин билдирип жатып, Индия эч кандай далил келтирбестен Пахалгам аймагындагы кол салууну Пакистан колдоду деп айыптаганын белгилеп, этият болуу керектигин баса белгиледи.
Исламабад Индиянын айыптоолорун четке кагып, эл аралык иликтөө жүргүзүүнү талап кылууда.
«Мамлекеттик катчы Пахалгамдагы үрөй учурган террордук чабуулда каза болгондор үчүн кайгыруу менен көңүл айтып, АКШнын Индия менен терроризмге каршы кызматташууга даяр экенин ырастады»,- деди Брюс.
«Ал ошондой эле Индияны Түштүк Азияда тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо үчүн Пакистан менен кызматташууга үндөдү»,-деп кошумчалады.
