Суббота, 18 апреля

Сирияда жаңы бийлик келгенден бери 1 миллион 400 миң киши үйүнө кайтты

0

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы 2024-жылдын 8-декабрында Сирияда Башар Асаддын режими кулатылгандан бери 1 миллион 400 миңден ашуун сириялык үйлөрүнө кайтканын билдирди.

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы X социалдык медиа платформасында сириялыктардын үйлөрүнө кайтуулары тууралуу билдирүү менен бөлүштү.

«1 миллион 400 миңден ашуун сириялык көп жылдар бою жер которгондон кийин үйлөрүнө кайтты», — деп айтылат маалыматта.

Сириялыктардын үмүтү бар, бирок алар жашоосун калыбына келтирүүдө кыйынчылыкка дуушар болууда. Билдирүүдө үй-бүлөлөрдүн жашоосун калыбына келтирүүгө жардам берүү аракеттерин колдоого чакырат.

БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы сириялыктар турак жай, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана каржылык колдоо сыяктуу тармактарда колдоого муктаж деп эсептейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз