Бишкектин Биринчи Май РИИБдин тергөөчүсү пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-майда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын лейтенанты А. А. И. пара талап кылуу кылмышы боюнча шектүү катары кармалган.
Бөлөк бир жаранга карата кылмыш ишин козгоо боюнча тиешелүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн, А.А.И. 50 миң сом талап кылган.
УКМК кызматкерлери ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте кылмышка шектүүнү көрсөтүлгөн сумманы алып жаткан жеринен кармашкан. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.
