Түркия Республикасына каршы согушуп келген Күрттөрдүн жумушчу партиясы (PKK) мүчөлөрүн таратуу жана жана куралсыздануу тууралуу чечим кабыл алынганын жарыялады. 40 жылдан бери өз алдынча мамлекет түзүү үчүн Түркияга каршы куралдуу күрөш жүргүзүп келген партиянын 12-майда жасаган билдирүүсү ондогон кишинин өмүрүн алган региондогу эң узакка созулган жаңжалдардын бирине чекит коюу багытындагы олуттуу кадам болуп калды. Анкара, Вашингтон жана Еврошаркет террордук деп тааныган PKK күрттөр маселесин тынч жол менен чечүүгө үндөдү.
Жогорудагы чечим өткөн аптада Ирактын түндүгүндө өткөн курултайда кабыл алынды. Февралда партиянын камактагы лидери Абдулла Өжалан тарапкерлерин куралын таштоого жана ишмердүүлүгүн токтотууга, тынчтыкка умтулууга чакырган.
