Путиндин жардамчысы, тарыхчы Владимир Мединский Стамбулда украин делегациясы менен болгон сүйлөшүүдө Орусия канчалык керек болсо согушууга даяр экенин айтып, 18-кылымдагы Түндүк согушун мисалга келтирди.
Бул тууралуу The Economist журналистине бир нече маалымат булактар билдирди.
Маалыматка ылайык орусиялык делегациянын башчысы Мединский мындай деди: «Биз согушту каалабайбыз, бирок биз бир, эки, үч жыл, же канча убакыт керек болсо ошончо согушууга даярбыз. Биз Швеция менен 21 жыл согуштук. А сиз канча убакыт согушууга даярсыз?»
Мединский сөзүн улап: «Ал эми Улуу Петр… аны ким каржылаганын билесиңби? Англия менен Франция. Эгерде бул болбогондо Швеция дагы эле улуу держава болуп калмак».
Анын маалыматына караганда, орус тарап чындыгында Харьков, Запорожье, Донецк жана Луганск облустарынан украин аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылган. Орустар Харьков жана Сумы облустарын да басып алабыз деп коркутушкан.