16-майдын таңынан бери Израилдин Газа тилкесинин айрым жерлерине жасаган соккуларынан кеминде 113 палестиналык набыт болуп, ондогону жараат алды.
Акыркы сааттардагы кол салуулардын натыйжасында Хан Юнустун чыгышындагы Бени Сухейла айылында беш палестиналык, Газа шаарында төрт палестиналык набыт болду.
Кошумчалай кетсек, Израилдин чабуулдарынан 11 адам каза болгон: үчөө Газанын чыгышындагы Шуджаие конушунда, төртөө Жабалия качкындар лагеринде жана төртөө Рафах шаарында.
Медициналык булактардан алынган маалыматка караганда Израилдин кол салууларында каза болгон кеминде 113 палестиналыктын сөөгү бүгүн эртең менен Газадагы ооруканаларга жеткирилди.
Кабарларга караганда, урандылардын астында дагы эле көп дайынсыз жоголгон адамдар бар. Ал эми кол салуунун улануусу коргонуу топторунун жана медиктердин аларга жетүүсүн кыйындатып жатат.
Швейцарияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Европа-Жер Ортолук деңиз обсерваториясынын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкага көңүл бурган баяндамасына ылайык, Израилдин Газага кол салуулары «эң кеңири жайылган жана кыйратуучу» фазасына жетти.