Бүгүн, 19-майда Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) кеңешинин жыйыны өтөт. Ага Жогорку Кеңештин Төрагасы, ошондой эле Орусия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Беларусь Республикасынын парламенттеринин башчылары катышат.
Мунун менен катар Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин, Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов, Тажикстан Оли Мажлиси намояндагон Мажлисинин төрагасы Файзали Идизода жана Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Игорь Сергеенко менен бирге Бишкек шаарында жайгашкан Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согуштагы жоокерлердин эрдиктерин эскерүү менен курман болгондордун элесине таазим этишти. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Кошумчалай кетсек,
