Суббота, 18 апреля

Татарлардын Орто Азияга депортацияланышына 81 жыл толду

0

Иосиф Сталиндин буйругу менен Крым татарларынын депортациясынан бери 81 жыл өтсө да, ал кайгылуу окуялардын азабы дагы эле басыла элек.

Крым татарларын сүргүн кылуу саясаты орус падышасы II Екатерина доорунда башталып, СССР учурунда күч ала баштаган.

1774-жылы Осмон империясы Орусия менен Күчүк Кайнаржа келишимин түзүп, Крым хандыгын көзөмөлдөөнү жоготкон.

1783-жылы Крым хандыгы толугу менен Орусия империясынын карамагына өткөн. Он миңдеген крым татарлары Крымды массалык түрдө таштап, Анадолуга көчүп кете баштады. Көптөгөн крым татарлары Осмон империясында баш калка тапты.

Экинчи дүйнөлүк согушта СССР Крым жарым аралын убактылуу көзөмөлдөбөй, фашизмди жеңгенден кийин крым татарларына карата куугунтук башталган.

Крым татарлары фашисттерди колдойт деп айыпталып, бул шылтоо менен аларды депортациялоо чечими кабыл алынган. Советтер Союзунун лидери Иосиф Сталиндин жарлыгы менен крым татарлары Орто Азиянын ар кайсы аймактарына сүргүнгө айдалган.

Депортация процесси 1944-жылы 18-майда саат 03:00дө башталып, 259 миңге жакын крым татарлары аянтка айдалып, мал ташуучу унааларга отургузулду.

Адамгерчиликсиз шарттарда сүргүнгө айдалган крым татарларынын жарымы көздөгөн жерине жетпей, жолдо каза болушкан.

1954-жылы Сталин каза болгондон кийин Крым жарым аралын Украина ССРинин карамагына өткөрүү жөнүндө декрет чыккан.

Орусия 2014-жылдын 21-апрелинде Крымды аннексиялап алгандан кийин Орусия Федерациясы крым татарларынын көп сандаган лидерлеринин Крымга кирүүсүнө тыюу салган. Крымга кирүүгө тыюу салуу Крым татар элинин лидери Мустафа Кырымоглу (Жемилев) жана башка крым татарларынын лидерлерине тиешелүү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз