Ысык-Көл облусунун Григорьев капчыгайында экологиялык акция уюштурулду. Анын алкагында 19 миң 500 Тянь-Шань карагайынын көчөттөрү отургузулду. Демилге «Кумтөр Голд Компани” ишканасынын колдоосу менен уюштурулуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүн, экологдорду жана активисттерди бириктирди.
Катышуучулардын биргелешкен аракети менен бак-дарак гана отургузулбастан, келечектеги жашыл аймактын пайдубалы түптөлдү, убакыттын өтүшү менен ал жер капчыгайдын жана анын айланасынын жаратылышын табигый коргоого айланат.
“Кумтөр Голд Компанинин” директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов белгилегендей, компаниянын кызматкерлери ар кандай дарактардын көчөттөрүн отургузуу боюнча мындай масштабдуу иш-чараларга биринчи жолу катышып жаткан жок.
