Суббота, 18 апреля

Эртең Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт

0

Эртең Бишкектин түштүгүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 22-майда  саат 10:00дөн 19:00гө чейин Токтоналиев көчөсүнүн №86 үйүнөн тартып Токтоналиев көчөсүнүн №137а үйүнө чейин суу болбойт.

Ичүүчү суу диметри 100мм шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз