Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кажа Каллас Евробиримдик Израилге соода жеңилдиктерин берген Ассоциациялык келишимди кайра карап чыга турганын билдирди.
Брюсселде Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин журналисттерге сүйлөгөн Каллас, Европа Биримдиги менен Израилдин Ассоциация келишимин кайра карап чыгуу боюнча Голландиянын сунушун мүчө мамлекеттердин көбү колдогонун айтты.
Евробиримдиктин Жогорку өкүлү: «Ошондуктан биз бул процессти баштадык. Бул аралыкта Израил өзү гуманитардык жардамга болгон тоскоолдукту алып салышы керек» деп кошумчалады.
Журналисттердин текшерүү процесси качан жыйынтык берет деген суроосуна Каллас: «Биз бул ишти баштайбыз жана ошол эле учурда гуманитардык жардамдын бөгөттөрү ачылып, кырдаал жакшырат деп үмүттөнөбүз» деп жооп берди.
ЕБ Израилдин эң ири соода өнөктөшү.
2000-жылы күчүнө кирген Евробиримдик-Израиль Ассоциациясы келишими тараптардын саясий диалогу жана экономикалык кызматташуусу үчүн укуктук базаны түзөт.
Сунуш берген Голландиянын тышкы иштер министри Каспар Велдкамп Калласка жазган катында Газаны блокадалоо эл аралык гуманитардык укукка каршы келээрин, ошондуктан ЕБ менен Израилдин ортосундагы сооданы жөнгө салган Ассоциациялык келишимдин 2-беренесин бузганын айтты.
