Иран менен Америка Кошмо Штаттары жума күнү Римде Тегерандын тездик менен өнүгүп жаткан өзөктүк программасы боюнча бешинчи айлампадагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул сүйлөшүүлөрдө уранды байытуу маселеси негизги маселе катары каралды.
Ирандын расмий ИРНА маалымат агенттигинин маалыматына караганда, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Эракчи ,сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы тууралуу билдирүү жасады.
Эракчи Италиянын борбор шаары Римдеги сүйлөшүүлөр тууралуу: «Бул раунд сүйлөшүүлөрдүн ушул убакка чейин эң профессионалдуу турларынан бири болду. Биз Иран Ислам Республикасынын сүйлөшүүлөргө карата позициясын жана принциптерин дагы бир жолу билдирдик. Биздин позициябыз абдан ачык жана биз ушул позицияны карманабыз», — деди.
