Бүгүн, 24-май күнү Бишкектеги «Газпром» спорт комплексинде «One Run» эл аралык жарым марафону өтөт.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, катышуучулар 21,1 км, 10 км, 5 км жана балдар арасында 1 км аралыкка чуркашат.
«One Run» эл аралык жарым марафону быйыл үчүнчү ирет өтүүдө. Жалпы Беларусь, Канада, Кытай, Германия, Италия, Казахстан, Корея, Кыргызстан, Нидерланды, Филиппины, Польша, Тажикстан, Россия, Танзания, Түркия, Улуу Британия, АКШ, Гана, Түркмөнстан жана Франция 1000 ден ашык жөө күлүк катталган.
Спорттук иш-чара Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти, “Run the Silk Road” эл аралык марафонунун дирекциясы, жеңил атлетика федерациясы жана «Баатырлар лигасы» тарабынан уюштурулууда.
Эске салсак, бүгүн Апсамат Масалиев көчөсү жана Барпы Алыкулов көчөсүнүн түштүк бөлүгү жабылат.
