Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан 26-майда Орусиянын президенти Владимир Путин тарабынан кабыл алынды.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда президент Путин Орусияга иш сапары менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды.
Жолугушуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:30да башталып, 1 саатка жакын созулду.
Жыйынга Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да катышты.
Жолугушууда Украина менен Орусиянын ортосундагы согушту токтотуу боюнча акыркы аракеттер жана 16-майда Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийинки окуялар талкууланды.
Тараптар ошондой эле экономика жана энергетика тармагындагы маселелер боюнча пикир алышты.
