Среда, 29 апреля

Бишкекте ЖККУнун Коргоо министрлеринин жыйыны болду

0

Бишкекте “Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин – Коргоо министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйыны болду.

Жыйын ЖККУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин саламдашуу жана сүрөткө түшүүсү менен башталып, андан соң алар тар курамдагы сүйлөшүү жүргүзүүгө киришти.

Бул ирет жыйын Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбаевдин төрагалыгы алдында өттү.

Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө катышуучулар ЖККУнун жамааттык коопсуздук региондорундагы аскердик коопсуздуктун чакырыктарын жана коркунучтарын, ошондой эле аскердик жааттагы өнүгүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, отурумда ЖККУнун коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз