Четверг, 30 апреля

Шымкентте кыргыз-казак ишкерлери жолукту

0

Шымкентте Ош жана Шымкент шаарларынын ишкерлеринин ортосунда бизнес-жолугушуу болуп өттү.

Алматы шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугунан билдиришкендей, иш-чара Шымкент шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулунун кеңсесинин салтанаттуу ачылышынын алкагында өттү.

Жолугушуунун негизги максаты Кыргызстан менен Казакстандын бизнес-коомчулуктарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, түз ишкер байланыштарды жөнгө салуу, биргелешкен долбоорлордун перспективаларын талкуулоо жана соода, айыл чарба, логистика, туризм жана жеңил өнөр жай сыяктуу тармактарда өсүүнүн жаңы түйүндөрүн издөө болду.

Бизнес жолугушуунун алкагында Кыргызстандын туристтик потенциалын ачкан видеоролик көрсөтүлдү. Ошондой эле мамлекеттик маанидеги «Үч чоку» бүткүл сезондуу
тоо лыжа кластеринин инвестициялык долбоорунун бет ачары болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө В2В форматында эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп, ошондой эле «Алайку» ЖЧК, «Жалпак-Таш Кен» ЖЧК, «Империал Групп Компани» ЖЧК жана Казакстандын ишкерлеринин ортосунда ниеттер жөнүндө бир нече келишимдерге кол коюлду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз