Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш тынчтык процесси боюнча атайын өкүлү Стив Виткоффтун Израил менен ХАМАСтын ортосунда туткун алмашуусу жана Газа тилкесинде убактылуу ок атышпоо тууралуу акыркы сунушун кабыл алууга даяр экенин билдирди.
Израилдик басылмалардын маалыматына караганда, Нетаньяху Газада туткунда болгон израилдиктердин үй-бүлөлөрү менен жолугушту. Жолугушууда өкмөт башчы Виткоффтун туткундарды алмаштыруу жана убактылуу ок атышууну токтотуу демилгесин кабыл алууга даяр экенине ишендирди.
