Четверг, 30 апреля

Бишкекте агрожарманке өтөт

0

Бишкекте 1-6-июнь күндөрү “Улуттук баалуулуктар айыл чарбадан башталат” аттуу көргөзмө-жарманке өтөт.

Айыл чарба министрлигинен кабарлашкандай, көргөзмөнүн максаты — айыл чарба тармагы менен өлкөнүн маданий мурастарынын ажырагыс байланышын көрсөтүү, ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөр менен кол өнөрчүлөрдү колдоо.

Көргөзмөнүн конокторуна төмөнкүлөр тартууланат:

  • Улуттук тамактар ​​жана суусундуктар;
  • Элдик кол өнөрчүлөрдүн кийимдери жана буюмдары;
  • Булгаарыдан жана жыгачтан жасалган музыкалык аспаптар, тиричилик буюмдары;
  • Ата мекендик кайра иштетүү ишканаларынын продукциялары;

Мындан тышкары, көргөзмө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Мастер класстар жана презентациялар;
  • Улуттук баалуулуктар жана айыл чарба тармагындагы иш-чаралар боюнча маалымат сессиялары;
  • Айыл чарбасы жана агробизнес маселелери боюнча консультациялар;

Уюштуруучулар жаш коноктор үчүн анимациялык программа, кызыктуу оюндарды жана балмуздак даярдашты.

Көргөзмөнүн активдүү катышуучулары эсте каларлык сыйлыктарга ээ болушат.

Катышуу жана кошумча маалымат алуу үчүн иш-чаранын координатору Искак Анарбековго 0555 34 60 60 телефону аркылуу кайрылса болот.

Иш-чара Агропромдун Киев көчөсү 96А имаратынын алдында өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз