Суббота, 6 июня

Кыргыз жаачылар «Fetih Kupası» эл аралык мелдешине катышты

0

Кыргызстандын жаа атуу спорту боюнча курама командасынын мүчөлөрү «Fetih Kupası» эл аралык мелдешинде 1 алтын жана 1 күмүш медалга ээ болушту.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш 25-27-май күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, ага 40тан ашуун өлкөдөн келген 700дөн ашуун спортчу катышты.

Эркектер арасында Ынтымак Мурадил уулу жекелик мелдеште 1-орунду ээлеп, эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.

Ошондой эле кыз-келиндер арасында Асел Садырова жекелик мелдешинде 2-орунду ээледи.

Эске салсак, «Fetih Kupası» эл аралык мелдеши дүйнө чемпионатынан жогорку деңгээлде турат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз