Суббота, 6 июня

Украина Орусиянын 40тан ашык аскерий учагын жок кылды

0

Украинанын учкучсуз учактары жекшембиде Орусиянын бир нече аскерий аэродромдорун урганы билдирилди. Маалыматка ылайык, согуш башталгандан берки эң ири мындай чабуулдун натыйжасында 40тан ашык учак жабыркады, анын ичинде А-50, Ту-95 жана Ту-22 М3 учактары бар. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын орусиялык аскерий аэродромдорго кол салуу фактысын ырастап, “бир нече учак бирдиги” күйүп кеткенин билдирди.

Орус аскерий жетекчилигинин маалыматы боюнча, Орусиянын беш аймагындагы аскерий аэродромдорго учкучсуз учактар ​​– Мурманск, Иркутск, Иваново, Рязань жана Амур облустары чабуул коюшкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги аларды “Киев режиминин террордук чабуулу” деп атады.

Ведомство Иваново, Рязань жана Амур облустарындагы аскерий аэродромдорго жасалган бардык чабуулдардын мизин кайтарганын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз