Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кой-Таш иши” боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискациялоого өкүм кылды. Окуяга аралашкан үч саясатчы сот залынан камакка алынып, мурдагы президенттин башка тарапташтарына пробациялык жаза берилди.
Кой-Таштагы 2019-жылдагы окуя боюнча Атамбаевге 11 жыл 6 айга камоо, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу, мүлкүн мамлекетке алуу түрүндөгү жаза чегерилди.
Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязовду, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Равшан Жээнбековду 7 жыл 8 айдан жана Ирина Карамушкинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алуу өкүмү жарыяланды. Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиевге 5 жыл 6 ай чегерди.
