Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев орусиялык аэродромдорго жасалган чабуул үчүн “өч алуу” сөзсүз болоорун айтты.
«Өч алуу сөзсүз болот», — деп жазган орусиялык саясатчы өзүнүн Telegram каналында.
Ал белгилегендей, орус армиясы «активдүү илгерилеп жатат жана мындан ары да алдыга жыла берет».
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары 2-июнда Стамбулда өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасына да комментарий берди.
«Стамбулдагы сүйлөшүүлөр кимдир бирөөлөр ойлоп тапкан реалдуу эмес шарттар боюнча компромисстик тынчтык үчүн эмес, биздин тез жеңишибиз жана неонацисттик өкмөттү толугу менен жок кылуу үчүн керек. Бул кечээ жарыяланган Орусиянын меморандумунун негизи», — деп белгиледи ал.
