Четверг, 2 июля

Нарында жер титиреди

0

Кечээ  16:18де Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Атап айтканда, жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылында 4 балл, Кызыл-Туу, Казыбек айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз