Меккедеги ажылык зыйнатына дүйнөнүн төрт бурчунан 2 миллиондон ашуун мусулман барды.
Зыяратчылар Арафат тоосуна чыгышып, Муздалифа өрөөнүнө барып, Жамарат деген жерде шайтанга таш ыргытышып, анан Каабаны айланышты.
Ажылык Исламдын беш парзынын бири болуп эсептелинет.
Зыяратчылардын айрымдары Курман айтка карата таңкы жана майрамдык намаздарды Каабада окушту.
