Четверг, 2 июля

Бишкекте кыргыз күрөш боюнча республикалык мелдеш өттү

0

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөш боюнча республикалык мелдеш өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш эмгек сиңирген машыктыруучулар Анаркул Кыбраев, Марсел Мураталиев, Сүйүнбек Сулайманов жана дүйнө чемпиону Жанболат Осмоновдун жаркын элесине арналып уюштурулду.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Жеңүүчүлөргө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын тарабынан тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Катышуучулар төмөнкү салмак категориясында күч сынашты:
Эркектер: 60, 66, 72, 78, 84, 90, 96, +96 кг;
Кыз-келиндер: 66, 78, 90, +90 кг.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз