Орусия менен Украина туткундагы жоокерлерин алмашты. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, туткундарды алмашуу 2-июнда Стамбулда жетишилген орус-украин макулдашуусуна ылайык жүргүзүлдү.
Бул ирет туткундагы 25 жашка чейинки аскерлер, жарадарлар жана ооруп жаткандар алмашылды.
Россиянын туткундан чыккан аскерлери учурда Беларуста экени айтылды. Ал жактан аларга психологиялык жана медициналык жардамдар көрсөтүлөрүн, Орусияга келгенде медициналык мекемелерде дарыланып, реабилитациядан өтүшөөрү айтылды.
Эске салсак, саналуу күн мурда Россия Украинага 1 212 аскердин сөөгүн берип, кайра 27 аскеринин сөөгүн алган.
