Америкалык аскерлер Израилдин чабуулдарына жооп иретинде Ирандан атылган ракеталарды жок кылууга жардам берип жатканы айтылууда.
Америкалык Axios маалымат платформасынын аты аталбаган израилдик аткаминерге шилтеме жасаган кабарына караганда, аймактагы америкалык аскерлер «Израилдин коргонуусун» колдоп жатышат.
Кабарда АКШ аскерлеринин Израил армиясына Иран тарабынан атылган ракеталарды зыянсыздандырууда колдоо көрсөткөнү билдирилип, бирок эч кандай маалымат берилген жок.
АКШнын Коргоо министрлиги бул боюнча билдирүү тарата элек.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Израилдин Иранга жасаган чабуулдарына америкалык аскерлердин тиешеси жок экенин билдирди.
