Четверг, 2 июля

Пакистан мусулмандарды Израилге каршы биригүүгө чакырды

0

“Пакистан Иранды толук колдоорун билдирип, уланып жаткан чабуулдардан кийин «Израилге каршы мусулмандардын биримдигине» чакырды”, — деп билдирди Al-Jazeera.
Пакистандын коргоо министри Хаваджа Асиф Улуттук ассамблеяда сүйлөгөн сөзүндө: «Биз Иран менен биргебиз жана анын кызыкчылыктарын коргоо үчүн ар бир эл аралык форумда анын жанында болобуз», — деди.
«Израиль Иранды, Йеменди жана Палестинаны бутага алды. Мусулман элдер азыр бирикпесе, алардын баары ушундай тагдырга туш болот», — деп кошумчалады ал. Министр бардык мусулман өлкөлөрүн “Израил менен мамилени тез арада үзүүгө” чакырды. Ал ошондой эле биргелешкен стратегияны иштеп чыгуу үчүн Ислам Кызматташтык Уюмунун шашылыш сессиясын чакырууну талап кылды. Асиф Пакистандын Иран менен терең байланышы бар экенин жана Исламабад «ушул кыйын учурда Тегерандын жанында» экенин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз