12-июнда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен Түркия президентинин башкы кеңешчиси Чагры Эрхандын жолугушуусу болуп өттү.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы чыңдоо жана өнүктүрүү перспективаларын талкуулашты.
Анда жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды ишке ашыруу, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
