Пятница, 3 мая

Педро Санчес Парламенттин колдоосун ала алган жок

0

Испания социалисттеринин лидери Педро Санчес Парламенттен премьер-министра кызматка колдоо ала алган жок. Ошол себептен премьер-министрлик кызматка олтурган жок. Ошондой болсо да, ал сентябрда ѳткѳрүүлүчү шайлоого катышуу мүмкүндүгүнѳ ээ. Жайкы эс алуулардан кийини депутаттар кайрадан добуш беришет. 

 «Подемос» партиясы менен социолисттерде эки ай убакыт бар. Бул аралыкта коалиция түзүүгѳ тоскоол кылган нерселерди чечүүгѳ мүмкүн болгон убакыт. Бирок азыркы күндѳгү сүйлѳшүүлѳр да жакшы жыйынтыгын бере элек.

Педро Санчестин билдирүүсүндѳ «Мен өз көз карашымды тандайм, менин чечимим-Испанияны сактоо”,-деп баса белгилеген.

Эгер сүйлѳшүүлѳр жыйынтык бербесе, анда  жаңы шайлоо 10-ноябрда болот. 

«Народный» партиясынын башкы катчысы Теодоро Гарсия Эхея, Педро Санческе ишенбестигин ачык айтып чыкты. Парламенттен колдоо албаган себеби да ошол дейт ал.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз