Пятница, 19 апреля

Онкологиялык ооруларды пайда кылган суусундуктар

0

Окмуштуулардын айтымында, жылдан-жылга оорунун ар кандай түрлѳрү күч алууда. Кээ бир дарттардын дабаасы толук изилденип бүтѳ элек. Ошондой болсо да ар бир адам оорунун алдын алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин унутпаса. Кѳп эле оорулардын себеби биздин тамактануубуздун жыйынтыгы экенин баса белгилешет.

 Жакында Франциялык окмуштуулар онкологиялык оорулардын ѳнүгүшүнѳ себеп болгон суусундуктарды изилдешти. Илимий изилдѳѳгѳ жалпысынан 42 жаш курагында 100миңдей адам катышкан. Жыйынтыгында шире жана газдалган суусундуктар бул илдеттин пайда болушуна себепкер. Аларды жашоодо аз колдонго адам дагы онкологиялык ооруга чалдыгуу коркунучу бар. 

Натыйжада дарыгерлер кант камтыган суусундуктар, анын ичинде 100%дык жемиш ширесинин жүз миллилитр колдонуусу онкологиялык ооруларга чалдыгуусун 18% жогорулатаарын аныкташкан. Ал эми, эмчек рагына чалдыгуусун 22%га жогорулатат. Бирок, изилдөө жүргүзгөндөр таттуу суусундуктар менен рак илдетинин ортосунда ачык-айкын байланышты байкаган эмес.

Мындан сырткары, дарыгерлер онкологиялык ооруларына алып келүүчү башка себептерин байкаган эмес. Ал үчүн чоң масштабдагы изилдөө жүргүзүү талап кылынат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз