Суббота, 21 сентября

АКШ Түркияга санкция салууну каалабайт

0

Жакында АКШнын президенти Дональд Трампт, Республикачыл сенаторлор менен Ак үйдө жолугушуу ѳткѳрдү. Жолугушууда, Түркияга санкция салууну каалабаганын АКШ президенти маалымдады. Бул тууралуу ММКаларда жарыяланды.

Жабык эшик артында ѳткѳрүлгѳн 70 мүнөткө созулган жыйналышта Трамптын Түркияга ыктымалдуу санкциялар темасында так жана өзгөчө баалоо жасабаганын баса белгиленди.

Буга караганда сенаторлордун, «АКШнын душмандары менен санкция салуулар жолу менен күрөшүү мыйзамына» (CAATSA) ылайык Түркияга санкция салынышы керектигин, бирок Түркиянын НАТО мүчөсү болушу абалды татаалдаштырганын айтканы баяндалды.

Кабарга караганда Трамп, өз бийлиги чыгарууга аргасыз болгон F-35 чечиминин себебинен дагы бир жолу мурдагы президент Барак Обама бийлигин күнөөлөдү жана «Дагы деле Түркияга F-35 учактарын сатууну каалайт элем»,деген серебин салды.

Ошол эле учурда Трамп, өзүнөн мурдагы башкаруунун жаңылыштыктарына көңүл буруп Түркияга С-400дөрдөн улам санкция салууну каалабаганын сенаторлорго айтты.

Бул тема тууралуу Американын «Вашингтон Пост» гезитинде орун алган маалыматта да Трамптын, «НАТОнун шериктеши Түркияга CAATSA санкцияларынын толугу салынышына каршы чыкканын» кеп кылганы маалымдалды.

Кабарда, Трамп менен айрым сенаторлордун ортосунда жеңил каяша айтышуулардын да болгону белгиленген жолугушууда, АКШнын Президентинин санкциялардан көрө Түркия менен кантип сүйлөшүү керектигине  басым жасады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз