Суббота, 21 сентября

Кыргызстанда «Оймо» фестивалы ѳтүүдѳ

0

Бишкек шаарында 25-июлдан башталып, 28-июлга чейин «Оймо» эл аралык фестивалы өтүп жатат.Фестивалдын максаты – Кыргызстандагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү, каада-салттардын муундан-муунга өтүүсүн жандандыруу, маданий мурастарды сактап калуу.

Иш-чаранын башкы директору Динара Чочунбаеванын билдиргенине караганда, быйыл жаш кол өнөрчүлөргө көбүрөөк көңүл бурулуп, жаңы ысымдарды чыгарууга аракет жасалууда.

«Жыл сайын өтүп келген салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык «Оймо» фестивалы Бишкектен кийин, тагырагы, 29-июлдан 4-августка чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында уланат. Ага быйыл жалпысынан 120 уз катышууда. 80и Бишкек шаарынын кол өнөрчүлөрү болсо, 40ы аймактардан келген чеберлер», — деди Чочунбаева.

Ысык-Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу максатында фестиваль уланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз