Ислам Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 51-сессиясы 21-22-июнь күндөрү Стамбулда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидандын төрагалыгы астында “ИКУ өзгөрүп жаткан дүйнөдө” деген темада өтөт.
Жыйынга 40тан ашуун тышкы иштер министринин катышуусу күтүлүүдө. Жолугушуу Иран менен Израилдин ортосундагы чыр-чатак курчуган учурда өтөт.
Иш-чара мурунку сессияларга салыштырмалуу рекорддук сандагы жогорку деңгээлдеги катышуучуларды тартуусу күтүлүүдө. Стамбулга ИКУга мүчө 57 мамлекеттен, байкоочу өлкөлөрдөн жана башка эл аралык уюмдардан жалпысынан 1000дей делегат келет.
